Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:15

Ат-Башыда алгачкы нааразылык толкуну болду


Бүгүн Ат-Башы районундагы Казыбек айылында элүүдөй шайлоочу айыл округ кеңсесине топтолуп, Арпа өрөөнү боюнча так маалымат берүүнү талап кылышты жана шайлоонун бурмалангандыгына карата нааразылык билдиришти. Окуя болгон жерге укук коргоо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышып, элди тынчытып, таратышты. Мындай маалыматты Бириккен элдик кыймылдын Ат-Башы району боюнча координатору Кубанычбек Бөкөнов «Азаттыкка» билдирди. “Учурда ар бир айылда кимдин канча пайыз добуш алгандыгы тууралуу туура жооп алуу үчүн элдер толкуп жатат»,- дейт Кубанычбек Бөкөнов.

Ат-Башы районундагы Казыбек айыл округун башчысы Дүйшөбек Абдразаков топтолуп келген адамдар менен жолугушуу болгондугун, бирок алар доомат коё албагандыктарын, натыйжада тынч тарап кеткендиктерин телефон аркылуу билдирди. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG