Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

БЭК Курманбек Бакиевди легитимдүү президент деп эсептебейт


Бул тууралуу БЭК бүгүн тараткан билдирүүдө белгилеп, кайра шайланган президенттин инагурациясына катышпай тургандыгын билдирген жана эл аралык коомчулукту да ушундай кадамга чакырган. Өз кайрылуусунда БЭК жалпы кыргызстандыктарды 29-июлда баштала турган тынчтык акцияларга кошулууга, конституциялык укуктарды коргоого чакырып, бул күрөш добуштарды уурдап, бийликти тартып алгандарга каршы “Таза шайлоо” деген ураан алдында башталарын белгиледи. БЭКтин тыянагына караганда президенттик шайлоо добуштарды уурдоо, административдик ресурсту болуп көрбөгөндөй колдонуу, бириккен оппозицияга саясий террор: анын ичинде коркутуу, камоо, кысым аркылуу өттү.
БШК кечээ 23-июлдагы президенттик шайлоо жыйынтыгын чыгарып, азыркы президент Курманбек Бакиевди кайра шайланган президент катары тааныган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG