Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Уруксатсыз акцияларды Горький аянтчасына өткөрүүгө тыюу салынды


Бишкек шаар мэриясы уруксаты жок нааразылык чараларын өткөрүүчү аймактарды которуштурду. 27-июлда Юстиция министрлиги каттоого алган Бишкек шаар мэринин жаңы токтомуна ылайык эми жергиликтүү бийликтин уруксатына муктаж эмес акциялар Бишкек шаарынын түштүк жагындагы Лев Толстой, Термечиков, Алыбаев, Репин көчөлөрү менен курчалган сейилдөө аймагында өтөт. Мындай өзгөрүүнү шаар бийлиги сейил бактардын жаңыртылышы жана Горький аянтчасына жакын жашаган элдин даттануулары менен түшүндүрдү. Шаар бийлиги ошондой эле нааразылык акциялары өткөрүүгө бөлүнгөн экинчи аянт – шаардык чыгыш дарбазасындагы “Жеңиш” гүлбагын жаңылоону тиешелүү тармактарга тапшырды. (BuS)

XS
SM
MD
LG