Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Иранда демонстранттар кармалган абак жабылууда


Ирандын жогорку көсөмү Аятолла Али Хаменеи Кахризак абагын жабууга буйрук берди. Айрым кабарларга ылайык, ал жерде 12-июнь күнкү президенттик шайлоодон кийин башталган демонстрациялар маалында камакка алынган адамдар кармалууда. Кахризак кармоочу жайы туткундардын укуктарын сактоого шарт түзүлбөгөндүгү үчүн жабылууда. Бул тууралуу көчө нааразылыктарына байланыштуу кармалган адамдардын абалын иликтөө үчүн түзүлгөн парламенттик комиссиянын маалымат өкүлү депутат Казем Жалали билдирди. Иран бийлигинин ырастоосунда, абактарда 300дөй адам кала берүүдө. Оппозиция алардын кое берилишин талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG