Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Президент К. Бакиев элге кайрылды


Мамлекеттик телеканалдар аркылуу кечээ элге жасаган кайрылуусунда К. Бакиев президенттик шайлоодо добуш берүүгө катышкандыгы үчүн кыргызстан элине ыраазылык билдирди. Анын айтуусунда эл шайлоонун маанисин терең түшүнүп, добуш берүүгө активдүү катышып берди. Курманбек Бакиев сентябрда башкаруу чөйрөсүндөгү реформанын биринчи этабы ишке ашырыларын, бул баскычта мамлекеттик башкаруудагы бири-бирин кайталаган система жоюларын, мамлекеттик кызматчылардын ар биринин жеке жоопкерчилиги жогорулатыларын билдирди. Мындан башка тартип коргоо органы, аскер реформасы жүргүзүлөт. Президент терроризмге каршы күрөшүүгө жөндөмдүү, заманбап техника менен жабдылган армияны контракттык принцип менен түзүүнү сунуштады. Бийлик өзүнө эмес, коомго кызмат кылышы керек экендигин эстен чыгарбашыбыз зарыл, деп белгиледи Курманбек Бакиев.
Буга чейин да “эл бийлик үчүн эмес, бийлик эл үчүн кызмат кылууга тийиш” деп айтып келген мамлекет башчы иш жүзүндө муну көрсөтө албагандыгын айрым саясатчылар белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG