Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Нааразылык митингдери Таласта да болот


Бул тууралуу БЭКтин Таластагы штабынан “Азаттыкка” маалымдашты. Маалыматка караганда Таластын дээрлик бардык аймактарында добуш берүүнүн жыйынтыктары азыркы президенттин пайдасына бурмаланган. “Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын эл колдобойт, ошондуктан, шайлоодо ага добуш берген жок. Бүгүн ошол уурдалган добуштарды кайтарып алуу үчүн шайлоочулар митингге чыгууга даяр, деп билдирет оппозициялык кыймылдын Таластагы штабы.
23-июлдагы шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык иш-чаралары Нарын шаарында, Ат-Башы райондорунда да өтөрү кабарланууда.
Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик ар кандай уруксатсыз нааразылык иш-чаралары мыйзамдын чегинде басыларын билдирүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG