Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Бүгүн нааразылык митингдери башталат


Бүгүн эл бийликке өзүнүн маңкурт эместигин көрсөтүүчү күн. Мындай пикирин БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү, оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 23-июлдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иш-чаралары бүгүн саат ондон тартып борбор калаада, ар бир шаарда, айылда, үйлөрдүн короолорунда башталат. Оппозициянын талапкери бүгүн эл бийликке өзүнүн маңкурт эмес экендигин көрсөтө турган күн, ошондуктан, президенттик шайлоодо бийлик укугун тебелеп, добушун уурдап алганын түшүнгөн бардык жарандар өз добушун коргоо үчүн нааразылык иш-чарасына чыгат, деген ишеничин билдирүүдө.
23-июлда болгон президенттик шайлоону талапкер Алмазбек Атамбаев дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев менен кошо легитимсиз деп тааныган. Алар буга шайлоо күнүндөгү бийлик тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыздыктарды себеп кылышкан. КР президентин шайлоодо өтө одоно мыйзам бузуулар болгондугун, шайлоо ЕККУнун стандарттарына туура келбестигин ЕККУнун байкоочулар миссиясы билдирген. Шайлоодо одоно мыйзам бузууларга жол берилгендигин, 23-июлдагы президенттик шайлоо демократиянын жоболорунан тыш өткөрүлгөндүгүн эл аралык байкоочулардын ЭНЕМО уюму да маалымдаган.
ШКУ жана КМШга мүчө мамлекеттердин байкоочулары болсо президенттик шайлоо айрым бир майда-барат катачылыктарды эске албаганда акыйкат өттү, деген баасын берген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG