Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Иран бийлиги оппозицияга уруксат берген жок


Иран бийлиги оппозицияга июнда демонстрациялар маалында набыт болгондорду эскерүү жөрөлгөсүн өткөрүүгө уруксат берген жок. Ирандын Ички иштер министрлиги “көпчүлүктүн укугун урматтабагандарга жана мыйзам бузгандарга акция өткөрүүгө уруксат берилбейт” деп билдирди. Аза күтүү жыйындарын өткөрүүгө уруксат сурап президенттик шайлоодо Ахмадинежадга уттурган оппозиция лидерлери Мир Хосейин Мусави менен Мехди Карруби кайрылган. Өкмөткө жазган катында оппозиция лидерлери аза күтүү жыйындарында ыйык Курандан гана үзүндүлөр окулат, бир да киши плакат көтөрүп, саясат тууралуу ооз ачпайт деп убада кылышкан. 12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган массалык демонстрациялар маалында расмий маалымат боюнча 20дан ашуун киши набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG