Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

СДП штабына жүздөй киши чогулду


“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда митинг качан башталаары тууралуу билдирүү жасала элек. БЭКтин лидерлери штабда болууда. СДП штабынын билдиргенине караганда учурда нааразылык акциялары жер-жерлерде өтүп жатат. Алардын катарында Баткен, Нарын шаарлары, Көк-Жар айылы бар. Мындан тышкары СДПнын башкы штабына жөө жүрүш менен Сокулуктан жана Аламүдүндөн оппозиция тарапкерлери келатышат деп кабарлашты штабдан.
Кечээ БЭК жана анын президенттик шайлоого талапкери Алмаз Атамбаев “Таза шайлоо” урааны менен жер-жерлерде мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталарын кабарлаган болчу. Саат 12:00де Бириккен оппозициянын жана жарандык коомдун лидерлери “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын берери күтүлүүдө. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG