Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

“Жашылдар” партиясынын мүчөсү сабалды


Партиянын кеңсеси тараткан маалыматка караганда 27-июлдун кечинде партиянын активдүү мүчөлөрүнүн бири Гүлмира Асылбекова бейтааныш адамдардан таяк жеген. Аны белгисиз эркек киши муунтуп, коркутуп, райондук шайлоо комиссиясына берген мыйзам бузуулар боюнча актыны алып салууну талап кылган жана бул эскертүүнүн башталышы экенин айткан. Бул факт боюнча Асылбекова Башкы прокуратурага жана Москва райондук прокуратурага кайрылды деп билдирет “Жашылдар” партиясы. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG