Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

БЭК Балыкчыны көздөй жөө жүрүшкө аттанат


Бүгүн БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев өз тарапкерлерин эртең саат 10.00дө СДП партиясынын кеңсесинин алдында чогулууга чакырды. Ал “Таза шайлоо” урааны астындагы оппозициянын мөөнөтсүз митингинин экинчи күнүн Балыкчыда өткөрүү сунушун киргизди. Эске салсак, Балыкчыда шайлоо жүрүшүнө тоскоолдук кылды деп камалгандардын көпчүлүгү алигиче абактан чыгарыла элек. 23-июлда Ысык-Көл районунун Темир, Жаркынбай, Григорьевка, Ананьево айылдарынын 14 тургуну Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кармалып, камакка алынган. (EK)

XS
SM
MD
LG