Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Атамбаевди акы төлөбөйт деп айыпташты


Президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин бир нече үгүтчүсү ушундай доомат менен бүгүн “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук үгүт штабынын башчысы Айнагүл Рысбекова, маселен, талапкер 46 үгүтчүгө 5 миң сом төлөп бербей койду деген доомат койду. Үгүтчүлөр 23-июлдагы шайлоонун жыйынтыктарын тааный тургандыктарын айтып, президент Курманбек Бакиевжи жеңиши менен куттукташты. Андан кийин маалымат жыйынын уюштурган оппозициялык лидерлер бул билдирүүлөрдү бийликтин атайы уюштурган чагымы дешти. Шайлоо штабынын башчысы Бакыт Бешимов үгүт иштери үчүн акы төлөнгөн жок деген дооматты төгүндөдү. (BuS)

XS
SM
MD
LG