Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Жети оппозициячы соттолду, калганы кезекте


“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда ИИМдин карамагындагы кабыл алуу-бөлүштүрүү жайында Ленин райондук сотунун көчмө сот отуруму өтүүдө. Түш оогондон кийин төрт судьянын катышуусунда башталган сот отуруму жети кишини сот жообуна тартып, аларга 15 күндүк камактан эскертүүгө чейинки жазаларды берди. Жалпысынан камак жайга түшкө чейин БЭКтин лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев баштаган 43 киши жеткирилген. ИИМдин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда коомдук тартипти бузду деп дагы 20 киши айыпталып жатат, алар да кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына жеткирилген атат.
Мурдагы маалыматтарга караганда нааразылык митингине баруу үчүн жүрүшкө чыккан оппозиция тарапкерлери бүгүн Дэн-Сяопин көчөсүндө жана Беш-Күнгөй аймагында кармалышкан. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG