Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Молдовада парламенттик шайлоо өтүп жатат


Молдовадагы шайлоонун "муундар кагылышы"
Молдовадагы шайлоонун "муундар кагылышы"

Бүгүн Молдовада парламенттик шайлоо жүрүп жатат. Анда орусиячыл Коммунисттик партия менен Батышка ык алган либерал партиялар беттешүүдө.

Таң эртелеп Молдованын борборундагы шайлоо бекеттеринде адамдар добуш берүүгө келе башташты. Көптөр апрелдеги шайлоодон кийин көтөрүлгөн тоз-тополоңду эстеринен чыгарыша элек.

Оппозиция утса, Молдова мамлекет катары жоголуп кетиши мүмкүн
Көпчүлүктүн бири катары Ионна Дороде айым да коммунисттик партияга добуш берем деп келген. Ал өз өлкөсүндө стабилдүүлүк орношун каалайт. “Мен балдарыбызды дагы 7-апрелдегидей ур-токмокко алышын каалабайм, - дейт ал. - Ал күндөгү окуяда кармалгандарды зынданда камап, бети-башын көгала кылып салышкан”.

Апрелдеги шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деп көбүнчө жаш молдовандар көчөгө агылып чыгышкан эле. Полиция келип, аларды басканга чейин, демонстранттар парламентке да, президенттин ишканасына да чабуул коюшту.

Бүгүн да коммунисттер жеңсе, эл апрелдегидей көтөрүлүшү мүмкүн деп чочлугандар көп
Ошондогу шайлоонун жыйынтыгына ылайык, 101 орундуу парламенттеги 60 орунду президент Владимир Воронин башында турган коммунисттер партиясы уткан. Бул Ворониндин мураскерин президенттикке шайлоо үчүн коммунисттерге жетиштүү добуш бере турган көрсөткүч эмес эле. Талашып-тартышып эки жолу тең президентти тандай албай койгондон кийин, Воронин парламентти таркатып туруп, жаңы шайлоону 29-июлга, бүгүнкүгө, белгилеген.

Андрей Макамандре бүгүн таң эртелеп баш калаа Кишиневдо добуш берди. Ал мекенинин келечеги оппозициянын жеңишинде деп ишенет: “Мен бул өлкөдө өзгөрүү болот деп чындап үмүттөнөм. Бийликте баланс болбосо, азыркыдай жашаганга такыр мүмкүн болбой калды”.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө 3 миңден ашуун чет-өлкөлүк байкоочу назар салып турат. Бирок эгерде коммунисттер утуп калса, апрелдегидей окуялар башталып кетет дегенге көпчүлүк ишене бербейт. Ошентсе да абал курчуп кетиши деле ажеп эмес дешет.

Балдарыбыз зынданда кармап, урбасын деп, коммунисттерге добуш берем
Апрелде азыркы президент Воронин “Молдованы тили жана маданияты жагынан бир Румыния менен бириктиргиси бар” деп оппозицияны айыптаган. Жума күнү болсо Воронин: “Эгер шайлоодо оппозиция утса, Молдова мамлекет катары жок болуп кетиши мүмкүн”, - деди.

Воронинди Москва колдойт. “Өлкө баштан өткөргөн ушул оор күндөрдө Орусия өзүн Молдованын эң ишенимдүү жана жакын досу катары көрсөттү жана муну эч ким унутпашы керек”, - деди ал бүгүн добуш берип бүткөндөн кийин.

Оппозиция болсо Румыния менен мамилени бекемдеп, Молдованын Евробиримдикке киришин каалайт. Алар Воронинди коррупцияланган саясий олигархияны түзүп, элдин эмес, өзүнүн гана жеке жыргалчылыгын ойлойт деп айыпташат.

Бүгүнкү шайлоо кандай өткөн күндө да президенттик мөөнөтү аяктап бараткан Воронинден кийинки мамлекет башчыга Европадагы эң жакыр мамлекетти башкаруу, Днестр боюндагы аймактын чечиле элек конфлигин жөндөө миссиясы калат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG