Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

КР президенти 2-август күнү ант берет


23-июлдагы президенттик шайлоодо көп добушка жетишкени БШК тарабынан айтылып жаткан Курманбек Бакиев 2-август күнү эл алдында ант берери тууралуу Бишкек шаар мэри Нариман Түлеев өзүнүн кечээки билдирүүсүндө кабарлады. 31-июлда, 1-августта болуучу бейформал саммит жана мамлекет башчысынын ант берүү аземине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө кыймыл чектелет. Калаа башчысы буга түшүнүү менен мамиле кылууну шаардыктардан өтүнгөн.

Мыйзам боюнча КР президентин шайлоо мыйзамдуулугун аныктоого тийиш болгон Конституциялык сот азырынча чечимин чыгара элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG