Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Бүгүн Кыргызстанга Беларус президенти келет


Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко 31-июль-1-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтө турган бейформал саммитке катышуу максатында келмекчи. Бул тууралуу КР президентинин маалымат катчысы Алмаз Турдумаматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда эртең-бүрсүгүнү боло турган саммитке катышуучу калган мамлекет башчылары Кыргызстанга 31-июлда келишет. Алардын айрымдары Ысык-Көлгө Бишкек аркылуу барышса, кээ бирлери түз эле Тамчы эл аралык аэропортуна конушу мүмкүн. Мурда кабарлангандай 31-июль, 1-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал саммити болот.

Кечээ Кыргызстандагы бириккен оппозиция ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларына кайрылуу жолдоп, анда 31-июль -1-августка белгиленген бейформал саммиттин Курманбек Бакиевдин жетекчилиги алдында өтүшү –легитимсиз деп белгилеген. Кайрылуу ээлери президенттик шайлоо демократиянын негиздеринде өткөн жок, Кыргызстан эл аралык коомчулук алдындагы өз милдеттерин аткарбады деп эсептешет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG