Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Тажикстанда коопсуздукка арналган саммит өтөт


Ооганстан, Пакистан жана Орусиянын президенттери бүгүн Тажикстанга чогулушат. Саммиттин күн тартибинде террорчулук жана маң заттардын аткезчилиги менен күрөш маселеси турат. Дүйшөмбү шаарына биринчилерден болуп келген Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен жолугушту. Саммит эртең аяктап, орус жана тажик президенттери андан ары Кыргызстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына жөнөп кетишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG