Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Балыкчыга жүрүшкө чыкмакчы болгондор тарай башташты


Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев чогулган элдин алдына чыгып, Балыкчы шаарына оппозициядагы айрым лидерлер өздөрү барышарын айтып, чогулгандарды тынч тарай берүүгө чакырды. Ал мындай кайрылууну ИИМ менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келип, эскертүү берип кеткен соң жасады. Анын айтымында, оппозиция лидерлери Балыкчыда камакта жаткандарды бошотууга бардык аракеттерди жасоосу керек жана бул маселени өздөрү жеринде чечүүгө аракет кылышат. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп жаткан жерден билдиргендей, ушул тапта чогулган эл аз-аздан тарай баштады. (IJz)

XS
SM
MD
LG