Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

Чочко тумоосуна шектелгендер чыга баштады


Бүгүн өкмөттө өлкөдөгү саламаттык жана санитардык коопсуздук боюнча жыйын өтүп, дүйнөнү каптап бараткан чочко тумоосуна карата даярдыктар талкууланды. Өлкөнүн башкы санитардык врачы Сабыржан Абдыкаримов чочко тумоосуна карата даярдыктар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстанда чочко тумоосуна кабылды деген шек менен эки адам ооруканага түшкөн. Алардын бирөөнөн тумоонун белгилери табылган эмес, ал эми экинчиси ушул тапта толук текшерүүдөн өтүп жатат.

Чочко тумоосу бар деп шектелип, бирок таза чыккан жарандын бирөө Кыргызстанга Англиядан келген. Ал эми учурда текшерилип жаткан жаран Москва шаарынан поезд менен келген.

Сабыржан Абдыкаримовдун айтымында, чочко тумоосуна каршы дары-дармектерди сатып алуу үчүн 1,5 миллион сом талап кылынат. Учурдагы дары-дармектер 8 000 адамга жетет. Бул оорунун вирусу күз айларында күчөй турганы болжонгондуктан, ага чейин эмдөөлөрдү жүргүзүү керек.

Эскерте кетсек, очогу Мексикадан чыккан чочко тумоосу барган чайын жайылып, учурда анын кесепетинен дүйнө боюнча 700 чамалуу адам көз жумду. Жакында эле бул оору Казакстанга да жетип, он беш чакты адамдан чочко тумоосунун вирусу табылган. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG