Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Конституциялык Сот президенттик шайлоону тааныды


Бүгүн эртең менен 23-июлда өткөн президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүн карап баштаган Конституциялык Сот чечим чыгарып, Курманбек Бакиевди мыйзамдуу шайланган президент катары тааныды. Соттук кароого Курманбек Бакиевден башка талапкерлердин өкүлдөрү катышкан жок. Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрүп, Конституциялык Соттун чечимин жарыяламакчы. Буга чейин Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов Конституциялык Сотко шайлоону легитимсиз деп табуу боюнча арыз жолдоп, бирок мындай өтүнүч канаатандырылган эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG