Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Тажикстанда аймактагы коопсуздук талкууланды


Ооганстан, Пакистан жана Тажикстандын жетекчилери исламчыл согушкерлерге каршы аракеттерин координациялап туруу жөнүндө макулдашты. Андай чечим тажик баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн жолугушууда кабыл алынды. Хамид Карзай, Асиф Али Зардари жана Эмомали Рахмон 3 тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин коопсуздук негизги маселени түзөөрүн белгилешти. Жакында Тажикстандын чыгышында өкмөттүк аскерлерге болгон чабуул Пакистан жана Ооганстандагы жоочулар Борбор Азияга агылган болушу мүмкүн деген кооптонууларды жаратты. Лидерлер ошондой эле биргелешкен инфраструктура жана энергия долбоорлорун талкуулашты. 3 президентке бүгүн кечинде орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведев кошулмакчы.

XS
SM
MD
LG