Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

29-июлда камалгандарды бошотуу аракети уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунунун жетекчиси Азиза Абдурасулова билдирди. Анын айтуусунда бийликтин камоо, жазалоолоруна карабай укук коргоочулар жарандык укугунун жана мыйзам чегинде бийликтен шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондугу үчүн камалгандарды бошотууну талап кылууну уланта беришмекчи.
“Таза шайлоо үчүн” жөө жүрүшкө чыгып, милиция тарабынан камакка алынгандарды бошотуу талабы менен пикетке чыккан төрт укук коргоочуну Биринчи Май райондук соту административдик жоопко тартты. Аларга митинг, пикеттер боюнча мыйзамды жана Бишкек шаар кеңешинин токтомун бузду деген айып менен ар бирине 1,5 миң сомдон айыппул салынган.
Кечээ жарандык коомдун активисттери Азиза Абдурасулова, Асия Сасыкбаева, Төлөйкан Исмаилова жана Гүлнара Журабаева Өкмөт үйүнүн алдына камакта жаткан 34 адамды бошотуу талабы менен пикетке чыгышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG