Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Саммиттин күн тартибинде ЖККУнун база маселеси жок


Бул тууралуу ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле бул маселе жыйындын күн тартибине киргизилбегени менен анын каралышы катышуучулардын каалоосуна байланыштуу болорун кошумчалады. Баш катчы алдыда ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн базасы тууралуу түзүлгөн келишимдерди ратификациялоо маселеси тургандыгын белгилеп, бүгүн-эртең боло турган саммитте аталган база боюнча сүйлөшүүлөр анча деле терең болбошу ыктымалдыгын айтып кетти.
Эки күн мурун Орусия президентинин жардамчысы Сергей Приходько ЖККУнун Кыргызстанда жайгашуучу базасы тууралуу маселе чечилгенин, бул маселе Чолпон-Атадагы бейрасмий саммитте каралышы мүмкүндүгүн билдирген.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттери уюмдун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу келишимге 14-июнда Москвада болгон саммитте кол коюшкан. Мындан Өзбекстандын президенти Ислам Каримов баш тартып, муну эгемен мамлекеттин ички саясатына кийлигишүү деп баалаган. Кыргызстандын түштүгүнө жайгаштырылары күтүлүп жаткан база мына ушул ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн базасы болуп, ал жерде аскердик багыттан тышкары ар кандай күтүлбөгөн кырсыктарда чукул жардам көрсөтүүчү атайын отряддар болору айтылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG