Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Укук коргоочулар прокуратурага кайрылышат


Ак үйдүн жанында өздөрүн чынжыр менен менен байлап каршылык акция өткөргөн укук коргоочулар кармап кеткен милиция кызматкерлерине арызданып прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын бири "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери укук коргоочулар кайсы мыйзамды бузгандыгын айтып бере албай жатышат. Бүгүн төрт укук коргоочу митингдерге чыгып кармалаган адамдарды бошотуу талабы менен Ак үйдүн жанында акция өткөрүшкөн. Өздөрүн чынжыр менен байлап алып турган жеринен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү кармап кетишти. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG