Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Укук коргоочуларды сотко алып баратышат


“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова "Азаттыкка" Ак үйдүн жанынын кармалган укук коргоочуларды милиция кызматкерлери Биринчи май райондук сотко алып баратканын билдирди. Бүгүн төрт укук коргоочу оппозициянын митингиси маалында кармалган адамдардын бошотулушун талап кылып акция өткөрүшкөн. Өздөрүн Ак үйдүн торуна чынжыр менен байлап алышкан. Аларды дароо эле милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Т. Исмаилованын айтымында, алар мыйзмсыз кармалышты жана бул боюнча Биринчи май райондук прокуратурага арыз жолдошту. Аталган райондун прокурору укук коргоочулардын дооматына жооп түштөн кийин болоорун билдирди. Биринчи май райондук соту бул укук коргоочуларга дал ушундай эле максатта өткөргөн башка акциясы үчүн кечээ ар бирине бир жарым миң сомдон айып пул салган чечим чыгарган. (EBM)

XS
SM
MD
LG