Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Ош облусунда 1400 үй-бүлө коркунучтуу аймакта жашайт


Бул туурасында Ош облустук бийлигинин коллегиясында айтылды. Облакимчиликтин бөлүм башчысы Сайпидин Момунов маалымдашынча, жети райондо 2100дөн ашуун үй кооптуу аймакка салынган, ушул убакка дейре анын 700гө чукулу коркунучсуз жайларга көчүрүлдү. Мындан тышкары табигый кырсыктардан олуттуу жапа чеккен 1500дөн ашык үй-бүлө ипотекалык ссудаларга зарыгып турган чагы. Былтыркы зилзаладан катуу жабыркаган Кара-Суу районун тургундары мамлекеттен ссуда өндүрүү «көмүскө бизнеске» айлангандыгын, адамдардын кайгысынан айрым шылуун аткаминерлер пайда көрүп жаткандыгын айтышууда.
Ош облус губернатору Аалы Карашевдин айтымында, эл менен жолугушуу убагында жарандык турак жай жана курулуш органдарынын өкүлдөрү ссуданы жең ичинен акча төлөгөндөргө гана беришээрин билдиришүүдө. Ошол себептүү мындай фактылар кылдат териштирилип, айыптууларга токтоосуз чара көрүлмөкчү. (ATo)

XS
SM
MD
LG