Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Нарында милиция балдарды мектепке даярдай баштады


Мындай маалымат Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Табылды Осмоналиевден алынды. Анын билдиришинче Нарын шаарында мектепке баруу үчүн жардамга муктаж жетим, жарты жетим, социалдык жардам керек болгон 142 бала бар. Нарын ШИИБ, шаардык билим берүү бөлүмү менен бирдикте 20-июлдан 13-августка чейин «Мектепке даярданууга жардам бер» аттуу акциясын башташты. Жардам берүүнү каалаган жарандар №2 В.П. Чкалов атындагы мектепте жайгашкан «Дилгир» усулдук уюмга алып барып берсе болот. Түшкөн каражат балдарга мектепке баруу үчүн керек болгон баардык нерселерге жумшалат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG