Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Нарында шайлоо комиссиясынын катчысы эскертүү алды


Мындай маалыматты "Демократия жана жарандык коом үчүн" биримдигинин Нарын району боюнча координатору Адилет Эшенов билдирди. Алар 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо Нарын районуна караштуу участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнү кетирген мыйзам бузуулар боюнча арыз тапшырууга аракет кылышкан. Бирок райондук шайлоо комиссиясынын катчысы арызды алуудан баш тартып, кеңсени мөөнөтсүз бекитип салган. Бул боюнча экинчи тарап облустук шайлоо комиссиясына даттанышкан. Себеби шайлоо бүткөндөн кийин алар дагы он күндүк мөөнөттө иштеш керек болчу. Натыйжада облустук шайлоо комиссиясы Нарын райондук шайлоо комиссиясынын катчысынын кылыгын кезексиз отурумунда карап эскертүү берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG