Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

ЖККУ саммити соңуна чыкты


Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ысык-Көлдө өтүп жаткан бейрасмий саммитинин бүгүнкү бөлүгү соңуна чыкты. Уюмдун жыйыны жабык эшик аркасында өттү. Жыйын аяктаган соң президент Курманбек Бакиев менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа журналисттерге жыйын тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, жыйында ЖККУнун аймагында, анын ичинде Кавказдагы жана Борбор Азиядагы коопсуздук талкууланда.

Н.Бордюжанын айтымында, Кыргызстандын түштүгүндө аскерий база ачуу маселеси жыйындын күн тартибине кирен эмес. Мындан мурдараак Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун алкагында аскерий база ачыла тургандыгы сөз болуп, аны Орусия тарап бышыктаган болчу. Бирок кийинчерээк эки трап тең саммит учурунда бул маселе күн тартибине коюлбай турганын айтып чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG