Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Кыргызстан: Орусиялык аскер күчтөр жайгаштырылат


Бүгүн Чолпон-Атада кыргыз президенти Курманбек Бакиев орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолугушту. Анда Кыргызстандын аймагына дагы кошумча орусиялык аскер күчтөрүн жайгаштырууну жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишимдин укуктук базасын өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду. Орусиянын аскер күчтөрү 49 жылдык мөөнөт менен жайгаштырылат жана мындай келишимге 1-ноябрда кол коюлаары болжолдууда.. Д. Медеведев ошондой эле К. Бакиевди бүгүнкү туулган күнү, алтымыш жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстанда азыр Орусиянын бир аскердик базасы бар жана ал Кант шаарында жайгашкан. Кийинки база болсо өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырылышы ыктымалдыгы кабарланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG