Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевди экинчи мөөнөткө шайланышына байланыштуу Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине кирген дээрлик баардык өлкөлөрдүн башчылары, ошондой эле Түркиянын, Түштүк Кореянын президенттери, Жапониянын премьер-министри куттуктоо жөнөтүштү. Оппозиция бийлик бул шайлоону одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, К. Бакиевди президент катары таануудан баш тартышкан. Эртеңкиге белгиленген президенттин такка отурууу жөрөлгөсүнө эл аралык коомчулуктун өкүлдөрүн катышпоого чакырышкан. (EBM)