Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Укук коргоочулар каршылык акцияларын улантат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулардын эркин майтаруу аракеттерине карабай алар кийинки аптада каршылык акцияларын улантат. Каршылык акциялары оппозициянын митингдери учурунда камалгандарды бошотуу, алардын укуктарынын тебеленишине жол бербөө максаттарында уюштурулат.

29-июлдан бери укук коргоочулар эки жолу соттолуп, алды 2000 сомго айыпка жыгылды. Алар тынч жана куралсыз митинг өткөрүү эрежелерин бузуп, уруксат берилбеген жерлерде чогулушкан деп айыпталышкан. Мындай чечимге каршы чыккан укук коргоочулар эми жогорку инстанцияларга арыз менен кайрылышмакчы. Алардын айтымында бийлик баш мыйзамга каршы келген мыйзамдарды кабыл алып, жарандардын укуктарын тебелеп жатышат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG