Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

“Журналисттер” коомдук уюму шайлоого баа берет


Уюмдун координатору Мэри Бекешова “Азаттыкка” билдиргендей, жакынкы күндөрү атайын тегерек үстөл жыйыны уюштурулуп, өткөн президенттик шайлоо массалык маалымат каражаттарында кандай чагылдырылганына баа берилет. Анда, шайлоо процессин чагылдыруудагы кемчиликтер, маалымат каражаттары канчалык деңгээлде эл аралык нормаларга ылайык иштешкени айтылып, деги демократиялык коомдо шайлоо кандай чагылдырышы керектиги тууралуу кеңири маалымат берилет.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси буга чейин шайлоо процесси учурунда ар бир талапкерге бирдей мүмкүнчүлүк берилбегенин, ири маалымат каражаттарынын дээрлик басымдуу бөлүгү бир гана талапкерге иштешкенин айткан. Эми жыйын учурунда бул жааттагы ар бир маселеге талдоо жүргүзүлмөкчү. Ага бийликтен, бейөкмөт уюмдардан, эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG