Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Ошто кредит агымы кескин тартылды


Бул туурасында улуттук банктын Ош облустук төрагасы Мадамин Фаттахов «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, жарым жылдыктын жыйынтыгына караганда, коммерциялык банктардын кредиттик өлчөмү 23 пайызга төмөндөдү. Тактап айтканда, былтыркы ушу мезгилге салыштырганда юридикалык тараптарга жана жеке жарандарга 230 миллион сом аз таратылды.
Муну жарандар банктардын коррупцияга ооп кеткендиги, каражат алуунун тартиби татаалдаштырылгандыгы менен байланыштырууда. Ошого карабастан Улуттук банктын өкүлчүлүгү алардын кесиптештери туруктуу өнөктөштөрү менен калыс жана тааныш-билишсиз иштешип жаткандыгын ырасташууда. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG