Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Түркмөнстан Иранга газ сатууну көбөйтөт


Түркмөнстан Иран менен байланыштырган газ куурун салууну жыл этегине чейин аяктамакчы. Өкмөт башчы орун басары Баймурат Хожамухаммедов мындай билдирүүнү улуттук телеканалдан жасады. Куур Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Довлетабад кениндеги газды Иранга ташып турат. Буга чейин сөз болгон кендеги газ Россияга гана жеткирилчү. Өткөн айда Ашгабад Иранга сатылчу газдын көлөмүн көбөйтөөрүн жарыялаган. Эми коңшу өлкөгө жылына 14 миллиард куб метр газ сатылып турмакчы.

XS
SM
MD
LG