Ооганстанда козголоңчулардын кол салуусунан үч америкалык жоокер набыт болду. НАТОнун карамагындагы Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жоокерлер бараткан унаа жолго коюлган минага жарылган. 1-августта да Ооганстанда талиптер менен күрөштө бир француз жана үч америкалык жоокер мерт кеткен. Жалпысынан июлда Ооганстанда 75 жоокер окко учкан.