Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Иранда он демонстранттын соту болду


Иранда Махмуд Ахмадинежаддын кайрадан президент болуп шайланышына каршы болгон дагы он демонстранттын соту өттү. ИСНА маалымат агенттигинин кабарлашынча, соттолуп жаткан бул он киши шайлоодон кийин эле камакка алынган. Ирандын реформачыл экс-президенти Мохамад Хатами июндагы митингдер маалында кармалган 100дөй кишинин соттолушун айыптаган билдирүү таратты. 1-августта башталган сотто мурдагы президент Мохамад Хатаминин жакын шакирттери, алардын арасында Ирандын экс-вице президенти Мохамад Али Абтахи да жоопко тартылууда. Өткөн айдагы президенттик шайлоодон кийин демонстрация, митингдерге катышканы үчүн кармалган жүздөгөн адамдар арасында дагы бир топ белгилүү саясатчы, коомдук ишмерлер бар. Аларга олуттуу кылмыш иштерди жасаган деген кинелер тагылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG