Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Алмазбек Атамбаев Балыкчыга кетти


Социал-демократтар партиясынын төрагасы президенттик шайлоо күнү камакка алынгандарды бошотууну көздөөдө, деп билдирет партиянын басма сөз кызматы. Буга байланыштуу кандай аракеттер көрүлөрү азырынча айтылган жок. 23-июлда болуп өткөн президенттик шайлоо күнү “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылды” деген айып менен 23 киши камакка алынган. Алар добуш берүү одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканына нааразылык билдиришкен. Жергиликтүү бийлик мыйзам бузууларды токтотуунун ордуна милиция чакырып, натыйжада милиция нааразы болгондорду күч менен кууп таркатып, айрымдарын камакка алган, деп айтылат маалыматта.

23-июлда болгон президенттик шайлоону эки талапкер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев мыйзам бузууларды бийлик өзү уюштуруп жатат деген жүйөө менен легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнү ага катышуудан баш тартышкан. Шайлоо чындыгында өтө одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн, бул добуш берүүлөр демократиянын талаптарынан тыш, ЕККУнун стандарттарына туура келбеген ыкмалар менен өткөрүлгөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык ЕНЕМО уюмунун байкоочулары да билдиришкен.

БШК бул шайлоодо талапкер Курманбек Бакиев 76,43% менен жеңишке жетишкендигин жарыя кылып, К. Бакиев 2-августта мамлекет башчы кызматына расмий киришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG