Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Аксыда БЭКтин жыйынына эл чогулууда


БЭКтин Аксыдагы координатору Кубанычбек Маматкеримовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда райондун Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнөн өкүлдөр келишти. Алысыраак жайгашкан Үч-Коргон, Кербен айыл өкмөттөрүнөн келе жаткан делегаттарды күтүп атабыз, дейт К. Маматкеримов. 23-июлда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыктары талкуулана турган бул жыйынга Аксы районунан башка Таш-Көмүр шаарынан жана Ала-Бука районунан да өкүлдөр келишкен.
Азырынча Аксы районунун жетекчилигинен бул жыйын тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG