Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Цемент менен шыйпыр шайлоодон кийин кымбаттады


Кант цемент заводу менен шыйпыр комбинаты чыгаруучу продукцияларга КР монополияга каршы күрөшүү агенттиги жаңы бааларды коюп берди. Аталган агенттик тарабынан 27-июлда чыгарылган буйрукка ылайык 1-августтан тарта 1 тонна цементтин баасы салыктардан тышкары 4719,5 сом турат. Ал эми 31-июлдагы буйрукта август айынан баштап 1 даана шыйпырдын баасы мурдагыга караганда 19% кымбат сатылат, тагыраак айтканда салыктардан тышкары 192,14 сом болду.
Баалардын көтөрүлүшү АКШ долларынын курсу жогорулаганына байланыштырылууда. Монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик маалымдагандай жаратылыш газы, электр энергиясы, курулуш материалдарын даярдоого сарпталуучу чийки заттардын баалары валюта менен төлөнөт.

Байкоочулардын баамында июнь айында кескин кымбаттаган цементтин баасын бийлик шайлоо алдында төмөндөтүүгө аргасыз болгон, шайлоодон кийин баалар кайрадан өсө баштады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG