Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Петровкадан көчкөн күрттөр Орусияга кетүүдө


Бул туурасында Москва районунун акими Кубанычбек Сыйданов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымына караганда, учурда Петровка айылынан көчүп кеткен күрт улутундагылардын саны күн сайын өсүүдө. Акыркы үч айдын ичинде 20дан ашык үй-бүлө толугу менен көчүп кетишсе, алардын 17cи үйлөрүн сатышкан. Көчүп кеткен күрт үй-бүлөлөрүнүн бири Жалал-Абад облусуна, калгандары Орусияга кеткени айтылууда. Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Петровка айылынынын кыргыз, орус улутундагы тургундары айылдагы күрт үй-бүлөлөрүнүн көчүп кетүүсүн талап кылышып, башаламандык орун алган. Окуянын чыгышына төрт жашар кыздын зордукталышы себеп болгон. (JJ)

XS
SM
MD
LG