Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

“Мен ишенбеймдин” жаштарын милиция алып кетти


“Адам укугу” үчүн деген талап менен бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккан беш улан-кызды милиция Ала-Тоо аянтына жеткирбей кармап кетти. Алар Чүй көчөсү менен Өкмөт үйүнүн алдынан жөө басып, борбордук аянтка келе жатышкан. Кыймылдын лидерлеринин бири Тимур Шайхутдиновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча акциянын катышуучулары президенттик шайлоодон кийинки кармап, камоолорду демократиядан чегинүү деп эсептешет. Алар бул иш-чарага адам укуктары жана эркиндиктери Башмыйзамга жана Эл аралык нормаларга ылайык корголушун талап кылып чыгышкан. Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын беш мүчөсү учурда Биринчи Май РИИБдө кармалып турушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG