Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Кармалган жаштарды укук коргоочулар коргошот


“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова ушул тапта Биринчи Май РИИБдө жүргөндүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрүн милиция кармап кеткенине байланыштуу райондук милиция бөлүмүнө Акыйкатчы институтунан да өкүлдөр келишти. Азырынча жаштарга айып тагыла элек, РИИБнүн жетекчи орун басары Шатманов тартип бузган жаштарды жоопко тартуу соттун иши экендигин “Азаттыкка” билдирген.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жаштар Ала-Тоо аянтына чыгып, Эркиндик монументинин алдында сүрөткө түшкөнү мыйзам бузууга жатпайт деп эсептейт: “Тескерисинче аларды күч менен кармап кеткен милициянын аракети –мыйзам бузуу болуп эсептелет. Шайлоодон кийин адам укугу тебеленип, мыйзам сакталбай атат,” - дейт Төлөйкан Исмаилова.

Аз убакыт мурда “Мен ишенбейм” жаштар кыймылынын беш мүчөсү “Адам укугу үчүн” деген ат менен флеш-моб акциясына чыккан жерден милиция кармап кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG