Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

“Мен ишенбеймдин” мүчөлөрүнө айып тагылды


“Адам укугу үчүн” флеш-моб акциясына чыккан беш улан-кызга КР административдик жаза кодексинин 371-беренеси боюнча “милицияга баш ийген жок”, ал эми 392-беренеси боюнча уруксатсыз акция уруксат өткөрдү, деген айыптар тагылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Мен ишенбеймдин” мүчөлөрүнүн коомдук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтуусунда эми жаштар Биринчи Май райондук сотуна жеткирилет.

Төлөйкан Исмаилова жаштардын аракетинде эч кандай мыйзам бузуу жок, деген пикирде. “Адам укугу” үчүн деген талап менен бүгүн Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккан беш улан-кызды милиция Ала-Тоо аянтына жеткирбей кармап кеткен. Алар Чүй көчөсү менен Өкмөт үйүнүн алдынан жөө басып, борбордук аянтка келе жатышкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG