Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Оппозиция тарапкерлеринин соту каралууда


Чүй облустук сотунда 29-июлда камакка алынган 22 кишинин иши боюнча апелляциялык арыздарды кароо башталды. Сотко ушул тапта камалып жаткандардын жарымы алынып келингендигин алардын коомдук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” маалымдады.

Бүгүн ошондой эле Бишкек шаардык сотунда да 29-июлда камакка алынгандар боюнча апелляциялык арыздар каралышы күтүлүүдө.

“Таза шайлоо үчүн” деген ураан менен 29-июлда жөө жүрүшкө чыккан адамдарды милиция кармап кеткен. Ошол эле күнү алардын үстүнөн сот болуп, 63 кишинин айрымдарына 500 сомдук айыппул салынып, калганына 5-7-15 күндүк эркинен ажыратуу жазалары чектелген. Укук коргоочулар сот чечими менен макул болбой, жогорку сот бутактарына арыз менен кайрылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG