Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

“Мен ишенбеймдин” бир мүчөсү акталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, бүгүн флэш-моб акция уштуруп кармалгандардын бирөө – Урмат Казакбаевдин ишин Биринчи май райондук соттун судьясы Алмаз Молдобаев карады. Судья У. Казакбаевге коюлган “тартип коргоо органдарына баш ийген жок, уруксатсыз акция өткөргөн” деген айыптарды алып салды. Учурда “Мен ишенбеймдин” эки өкүлүнүн иши каралып жатат, калган экөөнүкү эртеңкиге калды. Бүгүн аталган кыймыл оппозициянын каршылык иш-чараларында кармалгандарды бошотууну талап кылып акция өткөрүп жатканда милиция кармап кеткен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG