Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Экс-президент Билл Клинтон Пхеньянга барды


АКШнын экс-президенти Билл Клинтон дипломатиялык миссия менен Түндүк Кореяга барды. Түштүк Кореянын маалымат агенттиги кабарлаганына караганда, Клинтон америкалык 2 журналисттин кое берилиши үчүн аракет көрмөкчү. Июнда Эуна Ли жана Лаура Линг 12 жылга эмгек колониясына өкүм кылынган. Аларга Түндүк Кореянын чек арасын бузуу деген айып тагылган. Ак Үй жана Мамлекеттик департамент Клинтондун сапарын комментариялоодон баш тартышты. Анын визити Пхеньян менен Батыш ортосундагы тирешүү күчөп турган учурга туура келди.

XS
SM
MD
LG