Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

“Мен ишенбеймдин” дагы эки мүчөсү акталды


Биринчи Май райондук соту тарабынан кыймылдын мүчөлөрү Наргиза Абдылдаева менен Каныбек Сарымсаков акталышты. Буга чейин Урмат Казакбаевден “тартип коргоо органдарына баш ийген жок, уруксатсыз акция өткөргөн” деген айыптарды Биринчи Май райондук соту алып салган эле. Ал эми Гүлшайыр Абдирасулова менен Тимур Шайхутдиновдун иши эртеңкиге калтырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаштардын коомдук коргоочусу Азиза Абдурасулова маалымдады.

Бүгүн аталган кыймыл оппозициянын каршылык иш-чараларында кармалгандарды бошотууну талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында “Адам укугу үчүн” деген аталышта акция өткөрүп жатканда милиция кармап кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG