Райондук оорукананын деректири Манап Кулбаев күйдүргү дарты болуусу мүмкүн деген шек менен ооруканада беш адам дарыланып жатканын билдирди. Алар менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө аргасыз союлган уйдан ылаңдын белгилери аныкталган жок. Ооруга шектелип ооруканага түшкөн адамдардын саны тууралу маалыматтар чындыкка коошпойт. Бүгүн айрым Интернет булактар өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып, мурдагы 2 адамдан башка дагы 15 киши күйдүргү болушу мүмкүн деген шек менен аймактык ооруканага жаткырылганын жазып чыгышкан. (YA)