Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Жөө жүрүшчүлөрдүн арызын кароо 12-августка калды


Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздарды кароону атайын создуктуруп, адам укуктарына доо кетирип жатат деп билдиришти кечээ укук коргоочулар тобу. Анткени 12-августта 15 күнгө камакка кесилгендердин сот чектеген жаза өтөө мөөнөтү бүтөт. Президенттик шайлоого нааарызылык билдирип көчөгө чыккан Бириккен оппозициянын тарапкерлеринен 67 кишини милиция камакка алган. Алардын 41и Бишкек шаарында акчалай айыптан 15 күнгө чейинки камакка кесилишкен. Чүй облусунда жаза алган калган шайлоочулардын арызын Чүй облустук соту кечээ карап, алардын үчөөнү актады. (BuS)

XS
SM
MD
LG